• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Centerra экологиялык мыйзамды бузуу менен таштандыларды мөңгүлөргө сактаган – Кутманова

Коом 0

Бишкек, 28.-5.21. /Кабар/. Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенин иштетүүдө экологиялык мыйзамды бузуу менен таштандыларды мөңгүлөргө сактаган, бул мөңгүлөрдүн жоголуусуна алып келген. Бул тууралуу “Кумтөр” кенине пресс-турдун жүрүшүндө Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, ал көз карандысыз эксперт учурунда компанияга калдыктарды мөңгүлөргө таштоого алардын уруксаты барбы деген суроо менен кайрылып, терс жооп алган.

“Алар экологиялык мыйзамдын жана суу кодекстин бир катар беренелерин бузуу менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнүн тилдерине таштандыларын төгүшкөн. Бул 180 млн кубметр мөңгүнүн ээрип, жок болушуна алып келген, мөңгүнүн тили дээрлик жоголгон десек болот”, - деди ал.

Кутманова Centerra Gold Inc. экологиялык мыйзамды бузбагандыгы тууралуу жалган маалымат берип жаткандыгын белгилеп, мыйзам бузууларды тастыктоочу документти көрсөттү.

“Бул биринчи жолу 2012-жылы парламенттик комиссия тарабынан түзүлгөн. Бирок, ал учурда ишенимсиздик бар болчу, анткени компания 16 жылдан бери иштеп келе жаткан. Андан кийин мамлекеттик комиссия түзүлүп, мыйзам бузуу боюнча бардык фактылар далилденген. Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда суу, калдыктар, айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар бузулганы жазылган. Мамлекеттик комиссиянын 2021-жылдагы отчетунда мыйзам бузуулар үчүн санкциялар 5 млрд АКШ доллардан аша турганы жана күнөөлүүлөрдүн барын жоопко тартуу керектиги жазылат”,-деди ал.

Эскерте кетсек, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар министрлер кабинетине “Centerra Gold Inc.” компаниясынын кен байлыкты пайдалануу жаатындагы жоопкерчиликсиз аракеттерине байланыштуу “Кумтор Голд Компани” компаниясына убактылуу тыштан башкарууну жана убактылуу тыштан башкаруучуну дайындоону сунушташкан.

Кийин министерлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Убактылуу тыштан башкаруучуну дайындоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомго кол койгон, “Кумтор Голд Компани” компаниясынын убактылуу тыштан башкаруучусу болуп Тенгиз Бөлтурүк дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий