• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Активисттер ысырапкорчулукту токтотуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү чакырыгы менен чыгышты

Коом 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. Орозо айт күнү Кыргызстандын айылдарында дээрлик 100гө жакын койду курмандыкка чалышат. Өлкө активисттери бүгүн “Кабар” агенттигинде маалымат жыйын беришип, жөн эле ысырапкорчулук кылбастан тескерисинче жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү чакырыгы менен чыгышты.

“Жакшыхан” коомдук фондунун негиздөөчүсү Жакшыбек Турсуналиевдин айтымында, Талас облусунун Талды-Булак айылындагы бир эле көчөдө эртеңки майрамга карата 18 баш кой союлат экен. Айыл тургундары коңшуларынын мыйдай аракеттерин угуп, кеңеш сурап айыл өкмөтү жана диний аалымдарга кайрылышкан. Алар канткенде туура болот – койлорду катары менен союш керекби же аларды муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратып бериш керекби деп суроо салышкан.

“Биз койлорду массалык түрдө сойбой аларды өз чарбачылыгын жүргүзүп, жашоо шартын оңдоп кетүү үчүн муктаж болгон үй-бөлөлөргө таркатып берүүнү сунуштайбыз. Маалым болгондой, көптөгөн айыл жергесинде жакырчылыкта жашап, иш баштоо үчүн эч кандай мүмкүнчүлүгү жок болгон үй-бүлөлөр бар”, - деп билдирди Турсуналиев.

Ал маалымдагандай, мурда мындай акция Талды-Булак айылында да жүргүзүлүп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө койлор таркатылган.

Пикир

Оставить комментарий