• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Билим берүү министри Ташкентте II Бүткүл дүйнөлүк конференцияга катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов кыргыз делегациясынын башында 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Ташкентте өтүп жаткан ЮНЕСКОнун “Кенже курактагы балдарды тарбиялоо жана билим берүү” II Бүткүл дүйнөлүк конференциясына катышууда.

Ведомстводон билдиргендей, конференция балдардын эрте куракта сапаттуу кам көрүүгө жана билим алууга болгон укуктарын илгерилетүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Мүчө мамлекеттердин талкууларынын жана сунуштарынын жыйынтыгы боюнча Ташкент декларациясы кабыл алынат.

Министр конференцияда эрте курактагы балдарды жана мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын жыйынтыктары жөнүндө баяндамасында төмөндөгүлөрдү билдирди:

“Биз 200 миң баланы камтыган 1712 типтүү бала бакчаларда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууга 24% жетише алдык. Мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрүн жана формаларын, анын ичинде кыска мөөнөттүү бала бакчалардын программаларын эске алуу менен камтуу 3-6 жаштагы балдардын санынын 48,6% түзөт. Балдардын дээрлик 100%ы мектепке чейинки билим берүү программасы менен мектепке барардан бир жыл мурун камтылган”.

Ошондой эле ал республикада инклюзивдик билим берүү, көп тилдүү окутуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдары менен кошумча билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттенүүсү, “Ата-энелер мектеби” долбоорунда ата-энелер менен билим берүү уюмдарынын өнөктөштүк программалары ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Уланбек Мамбетакунов Ташкентке болгон сапарынын алкагында Өзбекстандын мектепке чейинки билим берүү министри Агриппина Шин жана Пучон университетинин ректору менен жолугушту.

Пикир

Оставить комментарий