Министр Казакбаев Россиянын элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын КРдагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар алдыдагы эң жогорку жана жогорку деңгээлдерде тышкы саясий иш-чараларды жана алардын ичинде Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылынын жабылыш аземи жөнүндө ой пикирлер менен алмашышты. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР президенти Садыр Жапаровдун Москва жана Сочи шаарларына иш сапарларынын жыйынтыгында эң жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча иш аракеттерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий