• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жогорку соттун төрайымы Москва райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.06.21. /Кабар/. Кечээ, 25-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургуль Бакирова Чуй облусунун Москва райондук сотунун эмгек жамааты менен жолугушту. Бул тууралуу ЖС басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү соттордун иши менен таанышуу жана сот реформасы тууралуу катардагы кызматкерлерге, судьяларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатындагы бул иш-сапардын жүрүшүндө сот тутумундагы бир катар маселелер талкууга алынды. «Анын ичинде соттордун көз карандысыздыгы, кол тийбестиги, ошондой эле сот системасында иштеген кызматкерлердин коом ичиндеги аброю жөнүндө темалар козголду»,-деп айтылат маалыматта.

Төрайымды Москва райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Дамира Сагынбекова тосуп алып, кызматкерлердин жана судьялардын иш бөлмөлөрү, сот залдарын көрсөттү. Кыдыруу учурунда райондук соттун имараты оңдоп-түзөөгө муктаж экени анык болуп, төрайым судья жана аппарат кызматкелеринин иш шартын жакшыртууга тапшырма берди. “Чоң өзгөрүүлөрдү жасайлы десек, анда сот тутумунда иштеген ар бир кызматкердин даярдыгына, билимине, маданиятына да көңүл бурушубуз керек.

Реформаны жалгыз соттор гана жасай албайт. Аппарат кызматкерлери, сот приставдары, сот аткаруучулар – баардыгыбыз биргеликте иш алып барышыбыз керек. Бардыгыбыз таза болушубуз керек. Коомдун күзгүсү болушубуз керек”, — деди Нургуль Бакирова райондук соттун кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып.

Москва райондук сотунда бир сот залы иштейт. Ал сот иштерин автоматтыштырылган түрдө бөлүштүрүү системасы менен камсыздалган. Жогорку соттун төраймы Нургуль Бакирова буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Ысык-Көл аймактарынын облустук жана райондук сотторунда иш сапарында болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий