• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Минкаб 2024-жылга карата административдик-аймактык реформанын жыйынтыгын чыгарды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.01.25. /Кабар/. Министрлер кабинети 2024-жылга карата административдик-аймактык реформаны ишке ашыруунун жыйынтыктарын чыгарып, өткөн жылдагы социалдык тармактагы олуттуу жетишкендиктери айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгилегендей, президенттин жарлыгына ылайык өлкөдө тарыхый мааниси бар административдик-аймактык реформа ишке ашырылып жатат. 2024-жылы административдик-аймактык реформа боюнча чоң иштер жүрдү.

“Бүгүнкү күндө административдик-аймактык реформанын негизинде өлкөдө 231 айыл аймак, 33 шаар, анын ичинде 2 республикалык маанидеги жана 14 облустук маанидеги шаарлар түзүлдү. Социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуучу айыл аймактар ирилештирилип, шаарлардын территориялары бир топ кеңейтилди”, - деди ал, мамлекеттик органдардын райондук деңгээлдеги бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Өзгөн жана Ысык-Ата райондорунда дагы бир өзгөчө пилоттук долбоор башталганын кошумчалады. Анда министрликтердин жана ведомстволордун бөлүмдөрүн, өкүлчүлүктөрү райондук деңгээлде акимдин убактылуу жетектөөсүнө өткөрүлүп берилет.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары олуттуу каражат шаарларды өнүктүрүүгө жумшалганын баса белгиледи.

“Жалал-Абадга – 2,2 млрд сом, Караколго – 2 млрд, Кара-Балтага – 1 млрд, Токмокко – 1 млрд, Балыкчыга – 300 млн, Таласка – 300 млн бөлүндү. Өнүктүрүү пландарына жараша бардык калктуу конуштарда колдоолор болот”, - деди Данияр Амангельдиев.

Ал ошондой эле социалдык тармакты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду.

“2024-жылы пенсиялык системада кескин өзгөрүү болду. Пенсионердин жашоо минимумунан төмөн пенсия алып жүргөн 306,3 миң пенсионер 2024-жылдын октябрь айынан тартып 6900 сом өлчөмүндө пенсия ала баштады. Мунун ичинен 78 миң пенсионер 1800 сомдон пенсия алып келген, алардын пенсиясын 7 миңге же 4 эсеге көбөйтүлдү. Пенсиянын орточо өлчөмү 10 547 сомду түздү, 2020-жылы ал 5 665 сомду түзгөн. 2024-жылы өлкө аймагында 787 миң пенсионер бар, ал эми 2024-жылга карата пенсия төлөө үчүн 91 млрд сом жумшалды”, - деди МинКаб Төрагасынын Биринчи орун басары.

Ал эмгек акы фонду 2020-жылы 61,9 млрд сом болсо, 2024-жылы 145,6 млрд сомго, же 2,3 эсеге өскөнүн баса белгиледи.

“2024-жылдын 1-сентябрда дарыгерлердин айлык акысы 50% га, орто медициналык персоналдын айлык акысы 20% га, кенже тейлөөчү персоналдын, тез жардамдын айдоочуларынын акысы 10%га жогорулады. 2024-жылдын 1-июлунда алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга 20 000 сом өлчөмүндө стипендия, квартал сайын 66 000 сом төлөнө баштады. Ошондой эле бир катар адистиктеги дарыгерлер үчүн компенсациялар каралган. Бийик тоолуу жана алыскы айылдарда сегизинчи балалуу болгон үй-бүлөлөргө бир жолку 1 миллион сом жөлөк пул белгиленген”, - деп сөзүн жыйынтыктады Амангелдиев

Пикир

Оставить комментарий