• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Министрлер кабинети өлүм жазасына каршы — Байсалов

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter аркылуу "Элдик" депутаттык тобунун мүчөлөрүнүн педофилдерге өлүм жазасын киргизүү үчүн Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгесине карата пикирин билдирди.

"Өлүм жазасын алып салуу - бул жалпы элдик добуш берүү менен бир нече жолу тастыкталган негизги конституциялык норма. Бул убактылуу мораторий эмес, аң-сезимдүү тандоо! Министрлер кабинети Конституцияны мындай импульсивдүү демилгелерден активдүү коргойт", — деп жазган Байсалов.

Эскерте кетсек, Конституциялык сот Жогорку Кеңештин "Элдик" депутаттык тобунун "КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча сунушун кароого кабыл алган.

Депутаттар тобу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жана жашы жете элек балдардын жыныстык коопсуздугуна каршы кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий