• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нарын облусунун Ак-Кыя айылындагы мектептин окуу корпусунун курулушу аяктады

Коом 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы Асаналы Абдраимов атындагы мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу объектисинин курулушу 2017-жылы башталган. Жаңы мектеп имараты 2 кабаттуу окуу корпустан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1974,1 чарчы метр түзүп, билим берүү объекттин долбоордук кубаттуулугу 275 окуучулук орунга ылайыкташтырылган.

"Окуу корпусу толугу менен бүткөрүлдү, эмерек жана жабдыктар менен камсыздалып бүттү. Учурда окуу процесстерин жүргүзүүгө даярдыктар көрүлүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 67 млн 732 миң сомду түзөт. Быйылкы жылы объекттин курулуш жумуштарын аягына чыгуу үчүн 14 млн 795 миң сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын ноябрына чейин спорттук залдын жана өтмө галереянын курулушун бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий