• 85.8
  • 93.14
  • 0.88

ИИМ делегациясы ЖККУнун баңгизатты мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. КР ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев башында турган кыргыз делегациясы гибриддик форматта өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдардын жетекчилеринин координациялык кеңешинин 23 отурумуна катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, отурумдун ишине ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары Валерий Семериков жана Армения, Беларусь, Казакстан, Россия Федерациясынын жана Тажикстандын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле РФнын финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматы катышты.

Отурумдун жүрүшүндө катышуучулар пандемия шартында, ошондой эле Афганистандагы кырдаалдын өзгөрүү шартында баңгизаттарга каршы биргелешкен ишти активдештирүү зарылдыгын баса белгилешти.

"Катышуучулар маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды колдонуу менен баңгизаттарды мыйзамсыз сатууга каршы аракеттенүү жана интернет тармагында баңгизаттарды пропагандалоо максатында күч-аракеттерди андан ары бириктирүү зарылдыгын тастыкташты. Ошондой эле укук коргоо ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына жана баңгизаттарга байланыштуу абалды туруктуу мониторинг жүргүзүүнү улантуунун маанилүүлүгү баса белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча компетенттүү органдарынын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий