• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмеси болуп өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов министрлер кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө жыйындын мурдагы протоколунун пункттарынын аткарылышы тууралуу маалымат угулду жана 2022-2024-жылдарга адам укугу жаатындагы Иш-араккеттер планынын долбоору талкууланды.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жарандыгы жок жактарды документтештирүү боюнча жумушчу топту түзүүнү тапшырды жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдеринин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасын коргоо боюнча жумушчу топ түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий