• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Балыкчы шаардык колледжинин жетекчилиги мамлекетке 2 млн сомдон ашуун зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы Балыкчы шаардык колледжинде текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө 2018-жылы колледждин директору Б.Г., кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу имараттын 3-кабатын жана жер тилкесин “А.Д.” ЖЧКсына төмөн баада 5 жылга ижарага берүү тууралуу келишим түзүп, бирок белгиленген ижара акы дагы колледждин кассасына кириштелбей, мамлекетке 2 млн 83 миң 905 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий