• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кулматов менен Ибраимовдун иши. Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы 6-ноябрга чейин узартылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Айыпталуучулардын баш коргоо чарасы аягына чыгып жаткандыгына байланыштуу судья тараптардын оюн сурады. Жактоочулар кардарларынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранса, прокуратура айыпталуучулар оор кылмышка шектелип жаткандыгып айтып, алар камак артында кармалышы керектигин билдирди. Сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешчү бөлмөгө кирип кеткен.

Сот кеңешчү бөлмөдөн чыгып, айыпталуучулардын баш коргоо чарасы узартылып, алар 6-ноябрга чейин камакта калаарын айтты.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий