Министрлер кабинетинин башчысы Өзгөн айланма жолун көрүп чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу менен таанышты.

Анда 2024-жылдын январь айында башталган бул жолдун курулушу пландан алдыда экени маалымдалды. Учурда Жазы дарыясындагы 77,25 метр жана Кара-Дарыя дарыясындагы 197,45 метрди түзгөн 2 чоң көпүрөнүн курулуш иштери бүткөнү калды. Ал эми жалпы узундугу 13,491 чакырым болгон жолдун калган участкаларында да иш активдүү жүргүзүлүп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы 300 адам жана 92 техника иштеп жаткан айланма жолдун бардык тилкелериндеги курулуш иштери менен жеринде таанышып, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Андан соң, Акылбек Жапаров Араван районундагы Көмүр брикет иштеп чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. 143,1 млн сомго курулуп бүткөн заводдо учурда 15 адам иш менен камсыз болгон. Кубаттуулугу жылына 130 миң тоннаны түзөт.

Пикир

Оставить комментарий