• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Акылбек Жапаров иш сапары менен Арменияга барат

Өкмөт 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Армениянын Ереван шаарына барат.

Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына катышат, ошондой эле Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары бир катар жолугушуулар пландалууда.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин катышат.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашык маселе киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий