Министрлер кабинетинин төрагасы банк секторун тыгыз кызматташууга чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда экономиканы өнүктүрүү маселеси жана тармактын көйгөйлөрү талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы банкирлерди өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн тышкы жана ички рыноктордон инвестиция тартуу максатында мамлекет менен биргеликте иш алып барууга чакырып, ошондой эле банк секторуна алдыңкы жогорку технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан салыктык түшүүлөрдү башкарууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анда санариптик технологияларды ишке киргизүү салык кызматын реформалоонун негизги аспаптарынын бири болуп саналат.

Ал банк секторунун жетекчилигинин көңүлүн салыктык башкарууну жана банктык тейлөөнү санариптештирүү тыгыз кызматташууга муктаж экендигине буруп, банктарды бул багытта активдүү позицияны карманууга жана фискалдык түзүмдөрдү реформалоодо көмөктөшүүгө чакырды.

Акылбек Жапаров ата мекендик банк секторун өнүктүрүү боюнча келечектүү багыттар тууралуу айтып берди. Мисалга, коммерциялык банктарга алтынды жана күмүштөрдү өлчөнгөн куймалар жана монеталар түрүндөгү сатуу жана сатып алуу укугун берүү мүмкүнчүлүгү каралууда, бул валюталык тобокелдиктерди диверсификациялоо механизмдеринин бири болуп калат.

Ошондой эле ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу, мисалы, чакан ГЭСтерди куруу үчүн ресурстарды мобилизациялай турган банктардын консорциумун түзүү болжонууда.

Мындан тышкары, еврооблигациялар рыногуна чыгуу пландаштырылууда, б.а. Кыргызстандын коммерциялык банктары баалуу кагаздарын эл аралык фондулук биржаларга жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Кеңешмеге катышкан мамлекеттик органдардын жана банк секторунун жетекчилери улуттук экономиканын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий