Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Таластагы бир катар соцобъектилерине барды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилерге барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Байсалов «Манас Ордо» улуттук комплексине барып, музейдин экспозциясы менен таанышты. Ал маалымдагандай, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы арада республиканын булуң-бурчунан «Манас Ордого» милдеттүү түрдө экскурсияга келүүчү мектеп окуучуларын жылы бою кабыл алууга жөндөмдүү 200 орундук мейманкана курууга киришүү зарыл.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов Кызыл-Жылдыз айылындагы Манас райондук дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жакында оңдоодон өткөн имаратынын абалы менен таанышты.

Андан соң ал Покровкадагы аралаш психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеге барды.

Эдил Байсалов мекеменин инфраструктурасын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү жана мекеменин имаратынын курулушун аяктоо сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий