• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азамат Жаманкулов Кыргызстандын 20 жашка чейинки хоккей боюнча курама командасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-январда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде хоккейчилер арасында өткөн Евразия кубогунун жеңүүчүлөрү менен жолугушуу өттү.

Ага маданият министри Азамат Жаманкулов, дене-тарбия жана спорт департаментинин директору Канатбек Шабданбаев, КРнын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана машыктыруучулар катышты.

Алгач министр Азамат Жаманкулов курама команданынын ийгилиги менен куттуктап, Евразиянын аянтчасынан алып келген жеңиш, кыргыз хоккейинин үмүтүн жандырып, элибизди кубанттыңыздар деп белгиледи. Бул жеңиш Кыргызстандын хоккей боюнча Улуттук курама командасы чоң даярдыктар өткөндүгү жана тынымсыз машыгуунун жыйынтыгы деп билебиз. Келечекте чоң жетишкендиктерге ишенимдүү кадам таштоого убакыт келип жетти. Командалык дух жана бекем- ден соолук каалайм деп сөзүн жыйынтыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө курама команданын өкүлдөрүнө министрликтин Ардак грамотасы тапшырылып, куттуктоо жана ыраазычылык сөздөр айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз хоккейинин келечеги жана алдыда жасала турган иш аракетер талкууланып, Хоккей федерациясынын жетекчилиги тарабынан бир катар маанилүү маселелер айтылды.

Ал эми курама команданын оюнчулары жеңиш учурундагы сезимдер жана ийгиликтер менен ой бөлүшүштү.

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы 20 жашка чейинкилер (U-20) арасында өткөн Евразия кубогунда биринчи орунду ээлеген.

Мелдештер 7-9-январь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстан, Түркия, Болгария жана Босния-Герцоговиниянын курама коммандалары катышкан.

Бардык командалар бири-бири менен беттешип, Кыргызстан курама командасы бардык үч оюнда жеңүүчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий