• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Министрлик жана ведомстволордун кызматкерлерине эмдөөдөн өтүп, аралыктан иштөө сунушталды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанда эпидемиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөө максатында чектөө чараларын киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Сунуштама:

1. Минстрлик жана ведомстволордун жетекчилеринекызматкерлердин кеминде 50%ын, анын ичинде 60 жаштан ашкан кызматкерлерди, өнөкөт оорусу барларды, кош бойлуу аялдарды аралыктан иштөөгө өткөрүлсүн.

2. Уюмдарда жана ведомстволордо эпидемияга каршы режимди сактоону катуу көзөмөлдөө, дезинфекция иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турсун.

3. Министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине келгендерди жана кызматкерлердин кирүүсүн чектөө жана бардык жолугушууларды онлайн режиминде өткөрүү.

4. Эпидемиялык абал жакшырганга чейин бардык кызматкерлер маданий иш-чараларга, коомдук тамактануу жайларына, кафе, ресторандарга, көңүл ачуу борборлоруна, базарларга, базарларга, ири соода борборлоруна, кинотеатрларга, музейлерге барбасын.

5. Министрлик жана ведомстволордун бардык кызматкерлери жакын арада COVID-19га каршы вакцина алсын.

Пикир

Оставить комментарий