• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Караколдо башаламан соода-сатык кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Каракол шаарында башаламан соода-сатык кылган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Каракол ШИИБдин жана ЖКККБнын кызматкерлери, мэриянын өкүлдөрү менен бирдикте башаламан соода-сатык кылган жарадарга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин өткөрүшүүдө.

Белгилей кетсек, социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү тургундар «Ак-Тилек» базарынын жанындагы айланасында жолдогу тыгындарды жоюу жана жолдун четтинде соода кылган жарандар жол кыймылына тоскоолдук кылып жаткандыгы боюнча көптөгөн кайрылууларды жасашууда.

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен, милиция кызматкерлери жана шаардык мэриянын өкүлдөрү, Жамансариев көчөсүндөгү юашаламан соода кылган жарандарга карата түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келишүүдө. Иш-чаранын жүрүшүндө рейддин катышуучулары башаламан соода-сатык кылып жатышкан жарандардын кыймыл-аракеттери мыйзамсыз экендигин эскертишти. Бардык эреже бузуучуларга көрсөтмө берилди.

Мындан тышкары, алар жолдо жана көчөдө тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн КР Бузуулар жөнүндө кодексинин 120-беренесине (Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) ылайык, жоопко тартыларын жана 2-категориядагы айыппул каралгандыгын эскертишти.

Пикир

Оставить комментарий