• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Зиядин Жамалдинов алыскы Кожокелең айылынын тургундарынын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-апрелде КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелеӊ айылына барды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында жергиликтүү тургундар, көмүр кенде иштеген айдоочулар жана көмүр кендин өкүлү менен жолукту.

Негизги көйгөй көмүр кендин айланасындагы маселелер болгондуктан, оор жүк ташуучу авто унаалардын кесепетинен көчөлөрдүн бузулушу, экологиялык зыяндуулук, көпүрөлөрдүн абалы, айылдардын айланып өтүүчү айланма жол менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен айдоочулардын пикир келишпестик учурларын талкуулашты.

Ош облусунун башчысы тургундардын даттанган маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү тургундардан, ѲКМ, ДЭП, ИИМ жана башка тийиштүү кызматтардан турган коммисия түзүү керектигин айтты.

Мындан сырткары, таштанды, жер тилкеси, уюлдук байланыш, электр мамычасы жана башка көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча айыл өкмөт башчысына тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий