• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош аэропортунда өлкөдөн документи жок курал алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Аймак 0

Ош, 12.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун тургуну өлкөдөн тийиштүү документтери жок курал алып чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы бала тапанчаны Москвага жөнөтүүнү көздөгөн, ал аэропорттун аймагына киргенде дароо милиция кызматкерлери тарабынан колго түшкөн. Текшерүү учурунда огу жок тапанча табылган. Табылган тапанча экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий