• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Минкаб төрагасы: 10 айда айыл чарбанын дүң продукциясы 106,1%га, кайра иштетүү тармагы 122%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында үстүбүздөгү жылдын он айында айыл чарбанын дүң продукциясы 106,1%га, кайра иштетүү тармагы 122%га өскөнүн билдирди.

“Айыл чарба тармагынын таза суу тармагына токтолсок, ички каналдар менен бирге пилоттук негизде Түп, Сузак жана Кочкор райондорундагы айылдардын таза суусу мамлекетке өткөрүлөт. Буга чейин ассоциацияларда болчу, анын айынан бир топ талаштар болуп келген”, – деди ал.

Ал ошондой эле быйыл азыктардын 9 түрүнүн ичинен 6 түрү боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетишилгенин, ал эми 2028-жылга чейин негизги азыктардын 9 түрүнүн ичинен 8 түрү боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жетишүүгө максат коюлуп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий