• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Минкаб төрагасы Персонификациялоо борборунун жана “Учкун” ААКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасына караштуу Мамлекеттик персонификациялоо борборуна барды.

Минкаб төрагасына борбордогу заманбап жабдуулар менен тааныштырылып, эл аралык стандарттарга жооп берген документтерди даярдоодогу ишмердүүлүктүн сапаты жана коопсуздугу тууралуу айтып беришти.

Андан кийин министрлер кабинетинин төрагасы “Учкун” ачык акционердик коомуна барды. Анда окуу куралдары даярдалган цехтерди көрүп чыгып, биометрикалык паспортторду жана башка мамлекеттик маанидеги документтерди даярдоонун этаптары менен таанышты.

Акылбек Жапаров продукциянын сапаты жана ишенимдүүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Мамлекеттик персонификациялоо борбору жана “Учкун” ААКсы биздин өлкөнүн жарандары колдонгон документтердин коопсуздугун жана сапатын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Технологияны өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыздоону улантуу маанилүү”, – деди ал.

Ошондой эле өндүрүштүк кубаттуулуктарды мындан ары өнүктүрүүнүн жана модернизациялоонун перспективалары жана башка актуалдуу маселелер да талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий