• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕИБ Кыргызстан менен кызматташууга толук даяр жана кызыкдар

Өкмөт 0

Бишкек, 19.05.23./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форумуна катышуу үчүн Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) болгон иш сапарынын алкагында Европа инвестициялык банкынын (ЕИБ) вице-президенти Тереза Червинска менен жолукту.

Жолугушууда тараптар ЕИБ менен Кыргызстандын ортосундагы энергетика, ичүүчү таза суу, ирригация, транспорт тармактары сыяктуу ар тараптуу кызматташууларды талкуулашты.

Акылбек Жапаров Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын өнөктөшү экенин, өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи.

“Банк Борбордук Азия чөлкөмүн өнүктүрүүгө көңүл буруп, өзгөчө аймактын транспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана аймактагы климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери менен күрөшүүгө багытталган долбоорлорду колдоп келгенин белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Өз кезегинде ЕИБ вице-президенти Тереза Червинска өз ара кызматташуу ишенимдүү жана пайдалуу өнөктөштүктүн деминде чыңдала берээрин белгилөө менен ЕИБ Кыргызстан менен кызматташууга толук даяр жана кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана жогорулатууга чоң үмүт артышаарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий