• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Минкабдын төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугат

Коом 0

Бишкек, 29.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары Кыргызстандын аймактарын кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, топтун курамында элдин суроосуна жооп берип, айрым маселелерди жеринде чече турган тиешелүү жетекчилер, кызматкерлер коштоп жүрөт. Ош, Жалал-Абад облустарын Бакыт Төрөбаев, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустарын Адылбек Касымалиев, Баткен облусуна Эдил Байсалов барат.

Пикир

Оставить комментарий