• 87.86
  • 93.94
  • 1

Элчи Өмүралиев Эл аралык түрк энергетикалык конгрессинин ачылыш аземине катышты

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-мартында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Эл аралык түрк энергетикалык конгрессинин ачылыш аземине жана анын панелдик сессиясына онлайн режиминде катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер инистрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Түркиянын Энергетикалык стратегиялар жана саясатты изилдөө борбору (TESPAM) тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын ачылышында элчи К.Өмүралиев, Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Түркия парламентинин депутаты Бинали Йылдырым, ошондой эле Түркиянын министрликтеринин жетекчилиги, эксперттер, илимпоздор жана энергетика тармагына тиешелүү мамлекеттик эмес уюмдардын, фонддордун, университеттердин өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

«Түрк дүйнөсүндөгү көп кырдуу интеграция» аттуу темадагы панелдик сессиянын жүрүшүндө элчи Өмүралиев катышуучуларга Кыргызстандын инвестициялык жана энергетикалык потенциалы тууралуу маалымдады.

Ошондой эле элчи Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында түзүлүп жаткан Түрк инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкек шаарына жайгаштыруу зарыл экенине көңүл бурду. Өмүралиев Кыргызстанда инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берип, аларды гидроэнергетика тармагына инвестиция салууга чакырды.

Кыргызстандын элчиси өндүрүлгөн электр энергияны сатуу үчүн CASA-1000 долбоорунун алкагында Пакистан менен Афганистандын, жана башка коңшу мамлекеттердин базарлары бар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий