• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Минскте Кыргызстандын тоо экосистемаларын коргоо боюнча демилгелери тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Минск шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин жыйынтыктоочу жыйынында тоо экосистемаларын коргоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын демилгелери тууралуу маалымат берди.

ТИМден билдиришкендей, Эрбол Султанбаев өз баяндамасында Кыргызстан дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн тоо маселелерине буруу боюнча активдүү иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга беш жылдык иш-чаралар планы” ишке ашырылууда.

Ошондой эле кыргыз тараптын сунушу менен COP29 алкагында “Климаттын өзгөрүшү, тоолор жана мөңгүлөр боюнча декларациясы” демилгеленип, “Жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынтыктоочу документи” катары 15 мамлекет тарабынан колдоого алынган. Буга байланыштуу Эрбол Султанбаев КМШга мүчө мамлекеттерди бул Декларацияга кошулууга чакырды.

Ошону менен бирге ал 2027-жылы Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык Бишкек тоо саммити тууралуу маалымат берип, КМШ өлкөлөрүн бул иш-чарага катышууга чакырды.

Эрбол Султанбаев биргелешкен күч-аракет менен гана глобалдык жылуулукту ооздуктоо жана планетабыз үчүн коопсуз жана туруктуу келечектин пайдубалын түптөө максатына жетүү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий