• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ММК: Лондондогу жарылууга шектүү террорчулар - Сирия жана Ирактан чыккан качкындар

Дүйнө 0

Бишкек, 18.09.17. /Кабар/. Лондондун метросунда болгон терактка байланышы бар шектүүлөр Сирия жана Ирактан чыккан качкындар. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда “РА” маалымат агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Скотланд-Ярд бул маалыматты тастыктоодон баш тартып, айып расмий түрдө тагыла электигин жана шектүүлөр тууралуу жеке маалымат берилбей тургандыгын айтты,-деп жазат DW. 16-сентябрда Лондондун батыш тарабында окуяга шектүү катары 21 жаштагы бала кармалган.

“РА” маалыматы боюнча, шектүү Сириялык. Мурдараак ошол эле күнү полиция кызматы 18 жаштагы шектүүнү кармаган. Ал болжол менен Ирактан келген качкын болгон.

Агенттиктин маалыматы боюнча, кармалгандардын экөө тең бир нече убакыт боюн лондондун сыртында карып калган түгөйлөрдүн үйүндө жашап келишкен. Алар жашаган үй тинтүүгө алынган.

Эске сала кетсек, 15-сентябрда Лондондун “Парсон-Грин" метросунун станциясында жарылуу болгон. Натыйжада 30 адам жабыркагандыгы айтылат. Лондондун полициясы муну теракт катары баалаган.

Пикир

Оставить комментарий