Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. КРВИ, сасык тумоо жана башка респиратордук инфекциялар сыяктуу сезондук оорулар ден соолукка олуттуу таасирин тийгизет.
Буга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медициналык кызмат көрсөтүүлөргө кеңири мүмкүнчүлүк алуу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерге өз убагында кайрылууну эскертет.
ММК полиси бар же жогуна карабастан ар бир жаран төмөнкү жардамдарды акысыз ала алат:
- Үй-бүлөлүк дарыгердин консультациясы: алгачкы симптомдордо (жөтөл, мурундун суусу, дене табынын көтөрүлүшү) Сиз Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылсаңыз болот.
- Дарылоону дайындоо: дарыгер изилдөө жүргүзөт, диагноз коет жана дарылоону дайындайт.
- Ден соолугунун абалын контролдоо: кошумча чыгымдарсыз кайталап консультация берет жана абалын көзөмөлдөөгө алат.
- Лабораториялык изилдөө: акысыз анализдер (12 түр), анын ичинде жалпы кан жана заара анализи, оорунун күчөп кетишине өз убагында аныктоого жардам берет.
Камсыздандырылган жарандар үчүн кошумча артыкчылыктар:
- 42 түр боюнча кошумча лабораториялык изилдөө.
- Реабилитациялык жана физиотерапевттик кызмат көрсөтүүлөр (50% арзандатуу менен, анын ичинде УЗИ жана рентгенография.
- Базалык наркынын 50%га чейинки компенсациялоо менен.
- 50%га чейинки арзандатуу менен күндүзгү стационардын кызмат көрсөтүүлөрү (дары-дармектерди жана керектелүүчү материалдарды кошпогондо).
ММК полисин кантип тариздейт?
Полисти төмөнкүлөр аркылуу тариздесе болот:
- Мобилдик тиркеме жана терминалдар: Mbank, MegaPay, Pay24, QuickPay, Оной.
- Банктар: Айыл Банк, Бакай Банк.
Өтө маанилүү: полис акы төлөгөндөн кийин 5 календардык күндөн кийин күчүнө кирет. Кыргызстандын жарандары үчүн наркы 1840 сом жана ал 12 айдын ичинде колдонулат.
Оорунун күчөп кетишин азайтуу үчүн төмөнкү сунуштарды аткарыңыз:
- Оорунун алгачкы симптомдорунда үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылыңыз.
- Дарыгер жазып берген дарыларды гана ичип, анын сунуштарын так аткарыңыз.
- Иммунитетиңизди бекемдеп, гигиенаны сактаңыз жана катуу үшүп кетүүдөн алыс болуңуз.
- Алдын алуу изилдөөлөрүнөн тынымсыз өтүп туруңуз.
- Акысыз жана жеңилдетилген кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүү болуш үчүн ММК полисин алыңыз.
Пикир
Оставить комментарий