• 87
  • 90.41
  • 0.84

Могерини ЕБ менен Борбор Азиянын мамилеси тууралуу пикирин билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 05.07.19. /Кабар/. Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилесинин келечеги тууралуу пикирин билдирип, аймактагы өлкөлөрдү Брюсселдин «табигый өнөктөштөрү» деп атады.

Бул билдирүү жыл сайын өтүүчү «Евробиримдик – Борбор Азия» форматындагы жолугушуунун алдында жарыяланды. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги иш-чара быйыл 6-7-июлда Бишкекте өтөт.

«ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүнүн социалдык, экономикалык же экологиялык чөйрөлөрдө азыркыдан да туруктуу болуу аракетин колдогусу келет. Бул демек, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын бекемдөө, жарандык коом үчүн шарттарды түзүү, укук үстөмдүгүн жана мамлекеттик башкарууну күчөтүү, коорупция менен күрөш, ошондой эле жаштар жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дегенди билдирет», — деп жазылган Эл аралык кызматташтык жана өнүгүү боюнча Европа комиссары Невен Мимица менен Могерининин биргелешкен билдирүүсүндө.

Анда быйыл май айында кабыл алынган ЕБдин Борбор Азия боюнча стратегиясында артыкчылыктуу багыт катары көрсөтүлгөн адам укуктары жана демократиялаштыруу маселелери өзүнчө белгиленген эмес.

Пикир

Оставить комментарий