• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

WhatsApp бир гана Кыргызстанда эмес дүйнө жүзү боюнча иштебей калган

Дүйнө 0

Бишкек, 03.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын социалдык түйүндөрүндө WhatsApp тиркемеси иштебей калгандыгы тууралуу бир катар билдирүүлөр пайда боло баштаган.

Программа өлкө боюнча болжол менен саат 14:00дөн тарта 15:00гө чейин иштебей калган.

РИА Новости маалымдагандай, WhatsApp тиркемеси боюнча маалымат жөнөтүүгө болбой тургандыгы тууралуу билдирүү Европа, Малайзия, Россия жана Индиядан келип түшкөн.

Кийинчерээк мессенжердин ишин калыбына келтиришти. Бирок Испания, Кытай жана Индонезиядан колдонуучулар дагы деле бузулуулар болуп жаткандыгы тууралуу айтышууда.

Пикир

Оставить комментарий