• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын фонддун алкагында өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы маселелери, уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү, ошондой эле алдыдагы жылга иш планы талкууланды.

Кыргыз элинин маданий мурастарынын долбоорлорун алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте Айбек Молдогазиев Бишкек шаарындагы Алыкул Осмоновдун үй-музейи боюнча долбоорду тез арада ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Молдогазиев ушул жылдын күзүндө Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкек саммитинде маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча фонддун демилгелерин жана сунуштарын кароого даяр экендигин билдирди.

Фонддун жетекчиси Актоты Раимкулова, өз кезегинде, Фонддун ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, түрк элдеринин тарыхый жана маданий мурастарын жайылтуу боюнча жакынкы келечекте жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иш-чараларга токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Түрк маданияты жана мурасы фондунун алкагында мындан аркы конструктивдүү өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашышты

Пикир

Оставить комментарий