• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Россияда чыгармачылык адистиктер боюнча окуп жаткандарга стипендия төлөнөт — Маданият министрлиги

Коом 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Россиянын М.С.Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайында жана Россия театралдык искусство институтунда билим алып жаткан студент, магистрант жана аспиранттарга мамлекет тарабынан стипендия төлөнөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү токтомго КР министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.

Бул кадам маданият жана искусство мекемелери үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо, таланттуу жаштарга дем берүү системасын өркүндөтүү жана Россиянын ЖОЖдорунда чыгармачылык адистиктер боюнча окуп жаткандарды колдоого багытталат.

Токтомго ылайык, алар окуусу аяктаганга чейин студент, магистрант жана такшалма-магистрант ай сайын 15 миң сом, кыргыз тилин окутуучуга 30 миң сом жана группалардын куратору 30 миң сом акчалай алышмакчы.

Белгиленгендей, акчалай материалдык дем берүүчү каражат Маданият министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.

Эскертүү: Аталган стипендияны Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда Роскызматташуунун алкагында билим алып жаткандар гана ала алат.

Пикир

Оставить комментарий