• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Гүлнара Баатырова ДССУнун өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Ден соолук 0

Бишкек, 22.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жаңы жетекчиси доктор Ливиу Ведраско менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Саламаттык сактоо министрлиги менен ДССУнун ортосундагы өлкөнүн саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана өркүндөтүү боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өлкө боюнча кеңсесинин жаңы жетекчиси кеңсенин артыкчылыктары жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун ортосундагы кызматташтыктын жети жылдык планын иштеп чыгуу маселеси талкууланып, долбоор 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук программага шайкеш келери белгиленди. План ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагына финансылык инвестицияларды тартууга жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоого жардам берет.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстанда олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган эки тараптуу кызматташууга макулдашты.

"ДССУ менен болгон өнөктөштүгүбүз Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүдө жана модернизациялоодо, ошондой эле жарандарыбызга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойнойт деп ишенебиз", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий