• 88.68
  • 95
  • 0.95

2021-жылдын сентябрынан тарта «Алтын балалык» борборунда жүрөккө 15 операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. 2021-жылдын сентябрынан тарта «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык борборунун алдындагы Инновациялык кардиохирургия борборунда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган бейтаптарга 15 операция жасалды. Бул тууралуу борбордун кардиохирургия бөлүмүнүн башчысы Эмил Муралиев билдирди.

Анын айтымында, бир операция жасоо үчүн М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборунан 80 адамды түзгөн дарыгерлер тобу келет.

“Борбор бардык керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган, бул диагностикалык жана дарылоо процедураларынын керектүү комплексин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин расмий ачылышы болду.

Пикир

Оставить комментарий