• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Монголияда Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн туристтик роуд-шоу өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Улан-Баатыр шаарында туристтик роуд-шоу өткөрүлүп, анда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү жана бул жаатта өлкөнүн ишке ашырылып жаткан долбоорлору тартууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Монголиядагы элчи Айбек Артыкбаев өз сөзүндө Кыргызстандын туристтик потенциалына токтолуп, эки тараптуу туристтик кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир катар келечектүү багыттарды сунуштады.

Монгол тараптан Монголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары боюнча саясатты координациялоо департаментинин башчысы Н.Баатарцогт жана Туризм ассоциациясынын президенти Д.Гантөмөр сөз сүйлөштү.

Иш-чарага Монголиянын туризм тармагынын 200гө жакын өкүлдөрү катышып, анын жүрүшүндө эки өлкөнүн туроператорлорунун ортосунда пикир, тажрыйба жана байланыш даректеринин алмашуусу болуп, өз ара аракеттенүүнүн бир катар багыттары белгиленди.

Мындан тышкары, Монголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин жетекчилиги менен өзүнчө жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушууларда эки өлкө ортосундагы туристтик агымды кеңейтүү үчүн өз ара кызматташуу жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Майрамдык иш-чара Т.Сатылганов атындагы Филармониянын кыргыз аспаптар оркестринин чыгармачылык аткаруусунда коштолду.

Пикир

Оставить комментарий