• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектин Октябрь районунда таштанды контейнерлери жууп-тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектин Октябрь районунда таштанды салынуучу челектерди жана аянтчаларды жууп-тазалоодо.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жууп-тазалоо иштерине жалпы 3 даана атайын техника жана 9 жумушчу тартылган. Көк-Жар конушундагы жана 12-кичирайондогу таштанды аянтчалары жана таштанды челектери жуулуп иретке келтирилди.

"Бүгүнкү күндө шаарды санитардык тазалоо үчүн линияда 627 тазалыкчы, 103 жүктөгүч иштеп, 36 даана атайын техника тартылган. Катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу үчүн линияда 87 жүктөгүч, 37 атайын техника иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий