• 87
  • 90.41
  • 0.84

Москва районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Москва районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 29-майда Москва райондук милициясына 1966-жылы туулган А.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ал ошол эле күнү кечинде короосундагы меринос пародасындагы 4 баш кочкорду уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин уурдоо беренсинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган К.О. аттуу жаран кармалып, Москва РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий