Москва районунда “Мал уурулугу” аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Москва районунда 2022-жылдын 19-20-март күндөрү “Мал уурулугу” аталашындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган рейдге Москва РИИБнин кылмыш иликтөө, коомдук коопсуздук кызматтарынан, ошондой эле Москва РИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 60тан ашуун кызматкер тартылган.

Иш-чара учурунда 70тен ашуун мал сарайлардын ээлери менен жолугушуу болуп эскертмелер таркатылды. Андан сырткары, буга чейин мал уурулук фактылары боюнча соттолгон 25 жаран текшерилип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда 7 мал ташыган автоунаа текшерилди. Анда 50дөн ашуун бодо мал жана майда мал-жандыктардын тиешелүү документтери жок экени аныкталып, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында малдын ээлери аныкталган. Мал ташып иштеген айдоочуларга тиешелүү документтерди так алып жүрүү тууралуу кеңештер берилди.

Иш-чара учурунда көп мал кармаган сарайларга видео камераларды орнотуу кылмыштуулуктун алдын алууга өбөлгө болору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий