• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде коронавирус жуктурган 5 жаран дарылануусун улантууда

Аймак 0

Бишкек, 08.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Баткен облусунда коронавирус жуктурган 5 жаран дарылануусун улантууда. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова брифингде билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 32 жаран илдетке кабылган. Алардын 21и сырттан келген.

"Учурда илдетке кабылган 5 эле жаран дарыланып жатат. Баткенде обсервацияда 91 адам болууда. Облус аймагына коронавирус тарагандан бери үй карантинге 6 миң 256 адам киргизилген. Алардын абалын 39 мобилдик топ текшерип турган. Учурда 267 адам үй карантининде, аларды 9 мобилдик топ кароодо", - дейт ал.

Саттарова Баткенге илдет келгенден бери жалпы 11 миң 818 адамдан анализ алынганын айтат.

Белгилей кетсек, 8-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2032 учур катталды. Алардын ичинен 400ү медицина кызматкери. Илдеттен 1445 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 23 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий