Москва районунда турак үй өрттөнүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 4-апрелде түнкү саат 04:14 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы Советский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү №15 ӨКБдан саат 04:50 чектөөгө алып, толук 05:35 өчүрүшкөн.

Өрттүн кесепетинен 65 жаштагы К.В. аттуу эркек киши каза болгон.

Жалпы 12 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий