Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 4-декабрда "Бир адам – бир китеп" долбоорунун Москва шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган “Кыргыз айымы” аялдар форуму болуп өттү.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чарага элчиликтин өкүлдөрү дагы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар заманбап миграциялык процесстердин актуалдуу маселелерине, кыргыз аялдарынын жашоосунун руханий жана маданий аспектилерине, ошондой эле алардын заманбап коомдогу социалдык ролуна токтолушту.
“Бир адам – бир китеп” долбоорунун Москвадагы өкүлчүлүгү 2022-жылдын январында ачылган жана ошондон бери Россияда өз ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө.
Долбоордун максаты - мекендештердин билим деңгээлин, сабаттуулугун жогорулатуу, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү үчүн китеп окуунун мааниси тууралуу идеяларды жайылтуу болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий