• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте Аялдар киносунун жумалыгы башталды. Кирүү акысыз

Маданият 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Улуттук тарых музейинде аялдар киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кино жумалыгы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чара Кыргызстандын аялдар кинематографиясын жана кино коомчулугун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. Акысыз көрсөтүүлөр 8-декабрга чейин күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Киного музейдин чыгыш тарабынан кирүүгө мүмкүн.

Аялдар киносунун жумалыгы – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Европа биримдиги - БУУнун "Көңүл бурчу" демилгеси жана Азиянын чыгармачыл аялдар коомунун кызматташуусу.

Пикир

Оставить комментарий