• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Москвада чет өлкөлүк жарандарды текшерүү «Кузьминки» метросунун жанындагы массалык мушташка байланыштуу

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан Кыргызстандын жарандарынын массалык текшерүүлөрү тууралуу маалыматка байланыштуу билдирүү таратты.

Элчиликтен билдиришкендей, учурда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын Россиянын компетенттүү органдары тарабынан текшерилүүсү, чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарындагы «Кузьминки» метросундагы станциянын жанында болгон массалык кагылышууга катыштыгы бар-жоктугун аныктоо боюнча ыкчам–издөө иш-чараларынын улантылышы менен байланыштуу.

Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери биринчи кезекте мыйзамдуулукту жана тартипти орнотууга жана Россия жарандарынын, ошондой эле Россия Федерациясында жашаган чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Ошону менен бирге, 2021-жылдын 15-июнундагы РФ президентинин №364 «Жаңы коронавирус (COVID-19) инфекциясынын андан ары жайылуу коркунучуна байланыштуу Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен 2021-жылдын 30-сентябрына чейин чет өлкөлүк адамдарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу же депортациялоо тууралуу чечим кабыл алынбайт.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Россиянын компетенттүү органдары менен тиешелүү иш-чараларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын, анын ичинде ушул жылдын 12-июлундагы окуяларга байланыштуу “Кузьминки” метросунун станциясынын жанында кармалган жарандардын укуктарын коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий