• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Токио-2020: Айпери Медет кызы коло үчүн болгон күрөштө түркиялык атаандашынан жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 02.08.20 /Кабар/. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло үчүн болгон күрөштө түркиялык атаандашы Ясемин Адарга 0:4 эсебинде жеңилип калды.

Буга чейин мелдештин 1/8 финалында Айпери Медет кызы казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңип алган. Ал эми чейрек финалда Айпери Медет кызы россиялык Наталья Воробьева менен тирешти. Аны мекендешибиз 12:0 эсебинде утуп алып, жарым финалга чыккан.

Жарым финалда Айпери америкалык Аделина Мария Грей менен таймашып, 2:3 эсебинде жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий