• 87
  • 90.59
  • 0.86

Москвада "Доор тарыхы – Кыргыз мамлекеттүүлүгү" темасында тегерек стол өттү

Маданият 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. 22-ноябрда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын убактылуу жашап, эмгектенип жатышкан мүчөлөрү катышкан "Доор тарыхы – Кыргыз мамлекеттүүлүгү" аттуу тегерек стол өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университеттин окутуучулары: тарых илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу "Эркиндик, тендик, эгемендүүлүк күрөштөрү" жана "Үркүндөр" тарыхый эмгектердин автору автору Г.К.Абдалиева жана тарыхчы-изилдөөчү, “Жусуп Абдрахманов - чыгаан мамлекеттик ишмер” тарыхый-даректүү эмгектин автору В.Б.Жумалиева “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы” аталган долбоорунун үстүндө илимий-изилдөө иштери илимий баяндама жасап беришти.

Белгилүү мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдердин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү олуттуу ролу, сиңирген кызматы, ошондой эле ата-бабалардын эмгегин сыйлоо, сактоо жана муундан-муунга өткөрүп берүү үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын белгиленди.

Иш-чаранын катышуучуларына кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн негизги тарыхы чагылдырган фото жана архивдик документтерден турган көргөзмө уюштурулуп, видеоматериал тартууланды.

Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер тарыхый окуялар, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн аракеттери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу маалымат алууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий