• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Москвада эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө Кыргызстандын улуттук экспозициясы ачылды

Экономика 0

Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Күн мурун Москва шаарында "World Food Moscow" эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүнүн алкагында экспортко багытталган 15 компаниянын катышуусунда Кыргызстандын улуттук экспозициясы ачылды.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, улуттук экспозициянын ачылышы "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун колдоосу жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашты.

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев көргөзмөгө катышып жаткан Кыргызстандын компанияларынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип, өлкөнүн даамын жана маданий мурасын чагылдырган улуттук стендде көрсөткөн табигый жана экологиялык таза продукциянын бай ассортиментин белгиледи.

"Экспортту илгерилетүүдө жана жалпы эле Кыргызстанды тышкы рынокто көрсөтүүдө атамекендик компаниялардын салымы чоң", - деди ал.

КР улуттук экспозициясы 20-сентябрга чейин иштейт. Мындагы азык-түлүк ассортименти төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • кургатылган жемиштер жана жаңгактар: алма, өрүк, өрүк өзөгү, компот аралашмасы.
  • компоттор жана ширелер: алча, өрүк, кара өрүк, мохито, кулпунай, анар жана алмадан, помидордон жана өрүктөн түз алынган ширелер.
  • джем жана кыямдар: кара өрүк, шабдалы, өрүк, малина, кулпунай, карагат.
  • консервацияланган жашылчалар: бадыраң, помидор, калемпир, ашкабак, корнишоны ж.б.
  • томат продукциясы: ар кандай көлөмдөгү томат пастасы, өз ширесинде помидор, томат ширеси.
  • соус жана татымалдар: ачуу аджика, болгар лечосу, кетчуп, татымал.
  • салттуу суусундуктар жана азыктар: курут, чалап, шербет ар кандай даамдарда, мурок (малина жана чычырканак суусундугу).
  • чайлар жана чөптөр: түрлүү фиточайлар - Relax, Detox, Refresh, ошондой эле "Чай Кочевников", "Чай Суусамырский" жана башка атайын чайлар топтому.
  • бал жана башка азыктар.
  • тоңдурулган жана кургатылган мөмө-жемиштер жана жашылчалар: кулпунай, алча, өрүк, малина, кара өрүк, помидор, калемпир, брокколи, буурчак жана башкалар.
  • пиво азыктары: "Абдыш Ата", анын ичинде "Urban 312", "Живое", "Шахтерское" компанияларынын ар кандай сорттогу пиволору, ошондой эле "Fresh NITRO" и "Retro Cola" алкоголсуз суусундуктары.

Пикир

Оставить комментарий