Москвада көк бөрү боюнча турнирди көргөнү 20 миң адам келди – фото

Спорт 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Москванын борбордук ат майданында кыргызстандыктар көк бөрү боюнча турнир өткөрүшүп, ага төрт команда катышты – Талас, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад.

Кыргыздардын улуттук оюндарын көргөнгө 20 миңден ашык адам келип, ипподромдун трибунасында бош орун калган эмес.

Күйөрмандарга көк бөрүдөн башка дагы ат оюндары көрсөтүлдү.

Бул оюндар үчүн аттардын баарын Кыргызстандан алып барышкан.

Пикир

Оставить комментарий