• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Москвада II Евразиялык экономикалык форум өттү

Президент 0

Бишкек, 24.05.23./Кабар/. Бүгүн, 24-майда, Москвада “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” II Евразиялык экономикалык форумунун пленардык жыйыны өттү.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенконун, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышуусунда өттү.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразиялык экономикалык форум Россия Федерациясынын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өтүп жатат, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий