Панфилов райондук ооруканасынын имараты капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Панфилов районундук Жалпы дарыгерлик практика борборунун 4 кабаттуу имаратында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги тарабынан жалпы суммасы 164 млн сомдон ашык каражатка жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, оңдоо иштери 2022-жылдын июль айында башталган, имаратты 2023-жылдын сентябрында пайдаланууга берүү пландалууда.

Панфилов райондук ЖДПБнын директору Жалил Абдыкалыковдун айтымында, бүгүнкү күндө оңдоо иштери 50%га бүткөрүлдү. Канализация толугу менен алмаштырылып, имараттын ички жана тышкы жылуулоо иштери жүргүзүлүп, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу лифттер да алмаштырылат. Ремонт иштери иш тартибине ылайык жүрүп жатат.

Аталган ЖДПБ 85 орунга ылайыкталган. Биринчи кабатта рентгендик диагностика бөлүмү, реанимация жана операциялык бөлүмү бар хирургиялык бөлүм, экинчи жана үчүнчү кабаттарда төрөт жана неврологиялык бөлүмдөр, төртүнчү кабатта администрация жана терапевтик бөлүмдөр жайгашат.

Пикир

Оставить комментарий